Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

10.11.2020, 07:20

2020-жылдын 6-ноябрына карата өкмөттүн мамлекеттик казыналык баалуу кагаздар алдындагы милдеттенмелери 815 млн 658.8 миң сомду түзөт. Бул маалыматты Улуттук банк билдирди.

[news 29835]

Жыл башынан бери өкмөт өзүнүн милдеттенмелеринен мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча 3 млрд 198 млн 83.4 миң сомун төлөп бүткөн.

Белгилей кетүүчү нерсе, жыл башынан бери баалуу кагаздар боюнча ички карыз 4 млрд 13 млн 742.2 миң сомду түзөт.

Эске сала кетсек, 5 жылдык баалуу кагаздарды жайгаштыруу боюнча аукцион талаптын жоктугунан улам 6-ноябрда өтпөй калган. Баалуу кагаздардын эсебинен 400 млн сомду тартуу пландаган.


Читать похожее

  • 17.12.2023, 23:42:10
  • 06.11.2023, 05:20:45
  • 11.03.2021, 05:15:14
  • 10.03.2021, 22:10:48