Опубликовано
13.03.2020, 07:30Кыргызстандын чекене соода жүгүртүүсү январь айында 282.1 млн $ түзгөн. 2018-жылдын январь айына салыштырмалуу өсүү 2% түзгөн. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссия билдирди.
Евразия экономикалык бирикмедеги мекемелер январь айында биргеликте 47 млрд $ (+2.9%) соода кылышкан.
Кыргызстанда чекене соода жүгүртүүнүн көлөмү Армениядан жогору болгон. Бирок, эки мамлекеттин союздагы үлүшү 0.6% ашкан эмес.