Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    21.04.2020, 10:10

    Кыргызстандын мамлекеттик карызы үстүбүздөгү жылдын февраль айынын жыйынтыгы менен 4 млрд 606.13 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу республиканын финансы министрлиги маалымдаган.

    [news 23192]

    Анын ичинен республиканын тышкы карызы 83.8% же 3 млрд 860.87 млн долларды түзөт. Көпчүлүк бөлүгүн же 1 млрд 793.25 млн долларды - Кыргызстан Кытайга карыз.

    Кошумчалай кетсек, үстүбүздөгү жылдын январь айына салыштырмалуу республиканын мамлекеттик карызы 10.43 млн долларга (31-январга карата 4 млрд 616.56 млн долларды түзгөн) азайган. Бул тышкы карыздын 13.7 млн долларга азайгандыгы менен байланыштуу болгон.

    Өлкөнүн эки тараптуу жеңилдетилген насыясынын көлөмү 7 млн 940 миң долларга төмөндөгөн. Анын ичинен Кытайдын Экспорт-импорт банкына Кыргызстан бул убакыт аралыгында 810 миң доллар, Япония эл аралык кызматташуу агенттигине - 5.44 млн доллар төлөдү.

    Муну менен катар мамлекеттин ички карызы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 млн 270 миң долларга өскөн.