Опубликовано
03.02.2020, 09:35Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан аткезчилик жолу менен ташылып келинген төрт автоунаа аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ташылып келген унаалдардан мемлекетке келтирилген зыяндын суммасы 5 609 591 сомду түзөт. Алар «Мерседес-Бенц Е280», «Мерседес-Бенц S-Class»,«Тайота –Лендкрузер-200» жана «Мазда CX-5» унаалары.
Бул фактылар боюнча чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоуктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.