Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

08.12.2020, 07:30

Өкмөт мамлекеттик бюджеттин эсебинен 100 миң сомго чейин насыя алгандардын үстөк пайызын төлөп берерин билдирген. Финансы министрлиги билдиргендей, бул үчүн атайын 1.2 млрд сом бөлүнгөн.

[news 30234]

Белгилей кетсек, 100 миң сомго чейин насыя алган бардык кыргызстандыктарга тең жардам берилбейт. Финансы министрлиги 248 финансы-насыя уюмдары менен бирге пайыздарды субсидиялоо боюнча макулдашууну жүргүзөт. Бирок, жардам финансы-насыя уюмдары тарабынан сунушталган гана жарандарга көрсөтүлөт.

Маалым болгондой, 2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын январь, февраль айындагы үстөк пайыздар төлөнүп берилет.

Эске сала кетсек, бул жардам экономикалык амнистиядан түшкөн каражаттардын эсебинен бөлүнөт.


Читать похожее

  • 16.08.2024, 00:52:45
  • 06.08.2024, 21:40:03
  • 19.07.2024, 00:30:04
  • 16.07.2024, 22:20:34