
Опубликовано
07.04.2023, 05:00Министрлер кабинети аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө күн станцияларын сатып алат. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, беш күн станциясы Жайыл, ал эми калган бешөөсү Чүй районундагы үй-бүлөлөргө берилет.
“Күн станцияларын сатып алууга Министрлер кабинетинин фондунан 9,9 миллион сом бөлүнөт”, - деп айтылат маалыматта.
Электр станциялары 2023-жылдын жай айынын ортосунан кечиктирбестен орнотулушу керек.
Белгилей кетсек, күн станциялары “Нур Кубат” пилоттук долбоорунун алкагында сатылып алынат. Ийгиликтүү ишке ашкандан кийин ал өлкөнүн бардык аймактарына таркатылат.



