Опубликовано
26.08.2020, 09:30Жыл башынан бери Улуттук банктын насыя аукционунда коммерциялык банктар үчүн 35 млрд сом сунушталган. Бул тууралуу Улуттук банктын жетекчиси өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
[news 27422]
Муну менен катар банктар аукциондон болгону 3.5 млрд сом алышкан.
«Улуттук банк экономиканын реалдуу секторун колдоо үчүн насыя аукциондорун, пандемияга байланыштуу абалды турукташтыруу үчүн дагы активдүү өткөрүп турду », — деп түшүндүрдү Толкунбек Абдыгулов.
Кредиттик аукциондор региондордун өнүгүшүн колдоо жана «Айыл чарбасын каржылоо» жана «Ишкердик субъекттерди каржылоо» мамлекеттик программаларын ишке ашыруу максатында өткөрүлөрүн кошумчалады.