Опубликовано
07.05.2024, 05:03Кыргызстанда 3 миң 872 үй-бүлө жер көчкү кооптуулугу бар жерде жашайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коопсуздук жана коргоо комитетинин жыйынында өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов билдирди.
Анын айтымында, 2 миң 472 үй-бүлө мамлекеттик жардамды жана жер тилкесин дагы алышкан. Бирок кооптуу аймактан көчпөй койгон.
“1 миң 460 адам адар жардам алган эмес. Кооптуу аймакта жашаган жарандарга 200 миң сомдон ссуда берилет. Ал эми жер тилкесин жергиликтүү бийлик органдары бөлүп беришет”, - дейт ал.
Белгиленгендей, 2017-жылы Аюу-Сай айылында 24 киши жер көчкү астында калган.