Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

28.02.2020, 08:00

Маалыматтык-кеңеш берүү борбору Кореяда EPS системасы боюнча иштеп келген кыргыз жарандарын камсыздандыруу суммасын алууну суранат. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришти.

Миграция кызматы белгилегендей, Маалыматтык-кеңеш берүү борбору HRDKorea өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, натыйжада Кореяда иштеп келген кыргыз жарандарына камсыздандыруу суммасын кайтарып берүү тууралуу чечимге келишкен.

Борбордон белгилешкендей, 2008-жылдан 2020-жылга чейин Кореяда иштеп келген жана камсыздандыруу суммасы кошулуп эсептелген КРнын айрым жарандарында ошол акча каражаттарын алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Камсыздандыруу суммасын которуу боюнча тизмеде бар жарандар Маалыматтык-кеңеш берүү борборуна кайрылуусу зарыл. (жанында чет мамлекетке баруу үчүн берилген паспорту болушу шарт). Борбордун дареги : Бишкек ш., Токтогул көч., 237 тел: 0312 650251.

Кореяда иштеп келген КР жарандарынын тизмеси төмөнкү шилтемеде.


Читать похожее

  • 29.07.2024, 05:55:15
  • 18.07.2024, 23:20:01
  • 17.05.2024, 03:00:27
  • 23.11.2020, 21:30:29