Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

13.02.2020, 09:30

Бишкекте баклажан жашылчасына болгон дефицит пайда болду. Бул тууралуу борбордогу кафе, ресторандарда иштегендер билдиришти.

1 кг баклажандын дүң баасы бүгүнкү күндө 400 сомго чейин кымбаттап кеткен. Ал эми бир апта мурун 200 сомго 1 кг баклажан келчү. Эки жума ичинде баа 100 % жогорулаган. Кыргызстанга жашылчанын басымдуу бөлүгү Кытайдан келгендиктен, баанын жогорулашын коронавирус менен байланыштырышууда.

Маалыматтын чын - төгүнүн билүү үчүн «Акчабардын» кабарчылары борбордогу супермаркеттеги жашылчалардын бааларын карап чыгышкан. Анда Фрунзе жана Глобус маркетттеринде 1 кг баклажандын баасы 314 сомдон башталып, 364 сомго чейин сатылып турат. Дүкөндө иштегендердин айтымында учурда баклажандар ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн келип жатат.

Эске сала кетсек, социалдык баракчаларда буга чейин жер - жемишке болгон баа миң сомго чейин кымбаттап кеткени жазылган. Маалым болгондой, бул маалымат чындыкка дал келбейт.


Читать похожее

  • 22.08.2024, 00:10:17
  • 11.07.2024, 00:45:00
  • 06.05.2024, 04:35:27
  • 30.04.2024, 22:00:42