Опубликовано
26.03.2020, 08:5025-күнү эки коммерциялык банк Саламаттыкты сактоо министрлигинин админстративдик эсебине коронавирус менен каршы күрөшүүгө каражат которушту. Бул тууралуу каржы министрлигинен билдиришти.
[news 22507]
Эки коммерциялык банк тарабынан которулган каражаттын суммасы 115.5 миң сомду түзгөн. Анын ичинен «ФинансКредитБанк» — 65.5 миң сом, «РСК Банк» — 50 миң сом которгон.
Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө коронавируска каршы күрөшүү үчүн ачылган эсепке дээрлик 35 млн сомдон ашык каражат топтолгон.