Опубликовано
17.07.2024, 09:261-июлдан тарта жеке ассистенттердин төлөмү 6 миң 268 сомдон 7 миң 681 сомго чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
2024-жылдын 1-июлуна карата бул кызмат 9 миң 532 бала жана 5 миң 316 бала кезинен I топтогу майыптыгы бар адамдарды камтыйт (жалпы 14 848 адам).
Азыркы учурда өлкө боюнча жеке ассистент кызматын көрсөтүп жаткан жарандардын саны 14 миң 537 адамды түзөт.
2022-жылдын 1-июнунан тарта жеке ассистенттердин акысы 4900 сомдон 6268 сомго чейин көбөйтүлгөн.
“Жеке ассистент” кызматы 2019-жылдан баштап туруктуу бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө дайыма муктаж болгон, майыптыгы бар балдарга көрсөтүлөт.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын 1-июнунан тартып жеке ассистенттин кызматы бала кезинен баштап биринчи топтогу (18 жаштан улуу) майыптыгы барлар үчүн киргизилген.