Опубликовано
23.08.2024, 09:44Быйылкы жылдын жети айында майыптыгы барлардын жеке жардамчыларына 763 миллион 162 миң сом төлөндү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Ведомствонун маалыматы боюнча, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 93 миллионго көп.
“1-августка карата республикада 14 миң 513 персоналдык жардамчы бар. 2024-жылдын 1-июлунан тарта аларга айына 7 миң 681 сом өлчөмүндө акы төлөө белгиленген. Кошумчалай кетсек, быйыл февраль айынан тарта алар патент алуудан бошотулган, бирок камсыздандыруу полисин алышууда”, - деп айтылат маалыматта.