Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

13.05.2024, 11:30

Мурдагы өкмөт башчы Игорь Чудинов "Курулуп жаткан электростанциялар" дирекциясынын башкы директору болуп дайындалды. Бул тууралуу маалыматты Reporter.kg’ге Энергетика министрлигинен ырасташты.

Маалыматка ылайык, ал 6-майда бул кызматка дайындалган.

Белгилеп кетсек, "Курулуп жаткан электростанциялар" дирекциясы 2023-жылы түзүлгөн. Анын уставдык капиталы 35 миллион сом өлчөмүндө белгиленген. "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун айрым мүлкү, анын карамагында "Камбар-Ата -1" ГЭСи дагы дирекцияга өткөрүлгөн.

Игорь Чудиновду мурдагы президент Курманбек Бакиев жетектөөчү кызматка алып келип, 2007-жылы премьер-министр кылып дайындаган. Ал 2007-жылдын декабрынан 2009-жылдын октябрына чейин премьер-министр болуп иштеген. 2009-жылы Кыргызстанды өнүктүрүү фондунун директору болгон. 2010-жылкы революциядан кийин кармалып, көп өтпөй бошотулган.


Читать похожее

  • 13.05.2024, 05:30:00
  • 09.11.2023, 05:20:13
  • 23.08.2021, 02:30:42
  • 26.07.2020, 21:35:34