Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

21.01.2022, 08:00

Көмүрдүн чекене баасы Кыргызстан боюнча орточо алганда өткөн жылдын декабрынын деңгээлинде сакталуу менен бир тонна үчүн 5 миң 183 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ошол эле учурда көмүргө карата эң жогорку баалар Ноокат (бир тонна үчүн – 7 599 сом), Баткен (бир тонна үчүн – 7 230 сом) жана Кара-Суу (бир тонна үчүн – 7 000 сом) шаарларында катталды. Ал эми минималдуу чекене баалар Чаек айылында (бир тонна үчүн - 3 000 сом), Балыкчы шаарында (бир тонна үчүн – 4 000 сом), Кара-Балта жана Бишкек шаарларында (бир тонна үчүн – 4 500 сом) болгону байкалды.

Эске салсак, жергиликтүү өндүрүлгөн көмүргө карата бааларды жөнгө салуу максатында, министрлер кабинети 2021-жылдын октябрында убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизген.


Читать похожее

  • 22.08.2024, 00:10:17
  • 11.07.2024, 00:45:00
  • 06.05.2024, 04:35:27
  • 30.04.2024, 22:00:42