Akchabarsearch
Источник фото: Акчабар

Опубликовано

08.02.2021, 04:15

Өнөр-жай ишканалары менен келишим түзгөн фермерлер ыңгайлуу шарт менен насыя алууга мүмкүндүк түзүлөт. Бул тууралуу «Кепилдик фондунун» сайтында маалымдалат.

[news 32089]

Муну менен катар, фермерлер жылына 8% чен менен насыя ала алышат. Ал эми ишканалар менен келишим түзбөгөндөр, 10% чен менен насыя ала алышат.

Мындай чечим «Айыл чарбасын каржылоо — 9» долбоорунун негизинде кабыл алынды. Тиешелүү чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

Өсүмдүк өстүргөн фермерлерге төмөнкү субъекттер боюнча насыя берилет:

  • сууну үнөмдөп сугаруу технологиялары - тамчылатып сугаруу, чачуу;
  • күнөскана объектилери;
  • интенсивдүү багбанчылык;
  • органикалык айыл чарба өндүрүшү.

Кошумчалай кетсек, органикалык дыйканчылык менен алектенген ишкана жылына 6% чен менен насыя ала алат.


Читать похожее

  • 21.08.2024, 21:50:11
  • 20.08.2024, 22:46:10
  • 20.08.2024, 03:20:02
  • 19.08.2024, 23:35:09