Опубликовано
16.04.2020, 08:00Пенсия, жөлөк пул катары берилген акчалар тиешелүү дезинфекциядан өтүүдө. Бул тууралуу Улуттук банктын Ош облусундагы башкармалыгынын башчысы Жумаш Сыдыков билдирди.
[news 23020]
«Улуттук банк фабрикадан чыккан акчаларды пенсия жана жөлөк пул катары таратканга аракет кылууда. Коммерциялык банктарда белгилүү тартипте дезинфекциядан өттүүдө жана «Кыргыз почтасы» да өзүнүн талаптарына ылайык иш жүргүзүүдө», - дейт ал.
Сыдыков белгилегендей, Кара-Суу, Ноокат жана Ош шаарларында орнотулган банкомат, терминалдар токтоосуз иштеп жатат.
Эске сала кетсек, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму накталай акчалардан коронавирус илдети жукпарын билдирген.