Опубликовано
14.05.2019, 07:09Мамлкеттик салык кызматынын билдирген маалыматына ылайык учурда декларация тапшыргандардын жакын туугандарынын кеңейтүү каралууда. Учурда Салык Кодексине саясий кызматтагы, мамлекеттик кызматкерлердин жакын тууган-тушкандары катары ата-энеси, жубайы, балдары гана эсептелинүүдө. Бирок, кыргыз экономикасына залакасын тийгизген бир туугандар, алыс туугандар: бөлөлөр, бажалар, кудалар жана жоро-жолдоштор киргизүү каралган эмес. Ошону менен бирге эл арасында байлыгына кызыккан КР Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун декларациялары коомчулукка чыгарылбайт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын салык, төлөмдөр декларация башкармалыгынын башчысы Мукай Нусупов билдирди.