akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: www

    Опубликовано

    01.05.2024, 03:32

    Социалдык фонд пенсиянын топтомо бөлүгүн алтынга инвестициялай алат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

    Мыйзамдын максаты инвестициялык портфелдин түзүмүн кеңейтүү аркылуу пенсиялык топтоо каражаттарынын өсүшүн жана сактыгын камсыз кылуу үчүн финансылык инструменттердин тизмегин кеңейтүү болуп саналат.

    “Пенсиялык топтоо инвестициялардын булагы катары узак мөөнөттүү экендигин эске алуу менен аларды баалуу металлдар (алтын, күмүш, платина) жана Улуттук банктын баалуу кагаздары сыяктуу активдерге инвестициялоо мыйзам менен каралат”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 15.08.2024, 04:20:07
    • 02.08.2024, 01:05:45
    • 07.07.2024, 23:00:01
    • 28.06.2024, 04:26:05