Akchabarsearch
    Источник фото: www

    Опубликовано

    02.03.2022, 08:53

    Бишкектеги таштанды төгүлүүчү жайды жөнгө салуу үчүн бөлүнгөн 22 млн евронун 6 млн евросу калды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

    Анын айтымында, Бишкектеги таштанды таштоочу жайды жок кылуу үчүн 22 млн евро бөлүнгөн. Каражаттын бир бөлүгүнө таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруу пландаса, жарымы таштандыны рекультивациялоого кетмек.

    “Бишкектин эң негизги көйгөйү таштанды таштоочу жай маселеси. Ушул маселени чечип аягына чыгам. Жакынкы 2-3 айдын ичинде таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод боюнча ишти баштайбыз”,- деди Абдыкадыров.

    Ошондой эле ал таштанды маселесин жөнгө салуу үчүн бөлүнгөн 22 млн евродон калган 6 млн еврого таштандыны кайра иштеп чыгуучу завод куруларын белгиледи.


    Читать похожее

    • 28.04.2022, 01:23:47
    • 02.03.2022, 02:53:21