Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.01.2020, 05:40

    2019-жылдын январь-ноябрь айларындагы Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 6 млрд $ түзгөн. 2018-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу 2,6% аз болгон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин жетекчиси Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

    Анын айтымында, экспорт 9,4% өсүп, импорт 6,6% кыскарган.

    «Экспорттун жогорулашы алтын экспортунун 34,1% өскөнү менен байланыштуу. 2018-жылдын январь-ноябрь айларына салыштырмалуу экспорттун үлүшү 32 пайыздан 42 пайызга чейин жогорулаган», - деп билдирди.

    Айтылган маалыматка ылайык, экспорт жер семирткич 1,7 эсеге, керамика буюмдары 1,5 эсеге, жемиш жана жаңгак - 45,9%, эт жана эт азыктары - 42,7%, тамеки жана тамеки заттары 2,1 эсеге, жемиш жана тамыр жемиштер - 43,85 2 эсеге көп, цемент - 31,6%, баалуу металл кендери жана аралашмалары - 18,5% жогорулаган.

    «Муну менен катар жез сыныктар жана калдыктардын экспорту 1,7 эсеге, кийим жана кийимге тиешелүү буюмдар - 1,5 эсеге, бут кийим - 1,5 эсеге, кара металл - 25,7%, чийки мунай кени - 15%, айнек жана айнектен жасалган буюмдар - 3% кыскарган», - деп кошумчалады.


    Читать похожее

    • 24.03.2021, 22:15:10
    • 16.09.2020, 05:00:27
    • 31.08.2020, 01:00:06
    • 06.07.2020, 00:30:25