akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    14.05.2024, 06:52

    Токтогул суу сактагычынын акваториясында осетр балыктарынын кластери түзүлөт. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

    Маалыматка ылайык, Токтогул суу сактагычында осетр балык кластерин түзүү боюнча Токтогул шаардык мэриясы, Балык чарба департаменти жана “Азия Продукт” ЖЧКсынын ортосунда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк макулдашуусуна кол коюлду.

    “Долбоорду ишке ашыруу үчүн 82 млн сомдук инвестиция тартуу пландалууда. Макулдашуунун мөөнөтү 25 жылды түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

    Долбоор балык запастарын сактоонун, көбөйтүүнүн жана сарамжалдуу пайдалануунун негизинде балык чарба комплексинин туруктуу иштешине жетишүүгө, өлкөнүн ички сууларында аквакультураны өнүктүрүүгө жана балык азыктарына болгон ички керектөөнү камсыздоого багытталган.


    Читать похожее

    • 27.06.2024, 23:20:38
    • 02.06.2024, 22:10:19
    • 14.05.2024, 00:52:41
    • 24.04.2024, 23:00:26