Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

21.05.2024, 03:23

20-майга карата Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли 8 млрд 894,04 млн кубометрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКсы билдирди.

Маалыматка ылайык, суунун агып кириши секундуна 1642 метр куб, агып чыккан сунун көлөмү 137 метр кубду түзөт.

Былтыр 20-майда суунун деңгээли 8 млрд 290,15 млн кубометр, агып кириши секундуна 671 кубометр, агып чыгышы 310 кубометрди түзгөн.

Эске салсак, Токтогул ГЭСи Кыргызстандын электр энергиясынын негизги булагы болуп саналат.


Читать похожее