Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    13.03.2024, 11:55

    15-марттан тарта “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Бишкектеги батыш бөлүмү ишин токтотот. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

    “Унаа” мекемеси Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча бөлүмдөрүндө кезек күтүүнүн алдын алуу максатында 16-марттан баштап пилоттук режимде төмөнкү бөлүмдөрдү жети күндүк иш тартибине өткөрөт:

    • Бишкек шаары, Элебесов көчөсү, 206 дарегинде жайгашкан Аламүдүн бөлүмү;
    • Таш-Дөбө айылы, Больничная көчөсү, 41 дарегинде жайгашкан Таш-Дөбө сектору;
    • Шопоков шаары, Машиностроительная көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан Сокулук-Москва бөлүмү.

    “Борбор калаанын батыш тарабынын тургундары ишембиден шаршембиге чейин саат 08:30дан 17:30га чейин “РИОМ-Авто” унаа базарынын аймагында жайгашкан аймактар ​​аралык бөлүмүнө кайрылса болот”, - деп айтылат маалыматта.


    Читать похожее

    • 25.07.2024, 00:37:59
    • 23.07.2024, 05:30:53
    • 23.07.2024, 05:02:32
    • 22.07.2024, 22:20:55