akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    15.07.2024, 07:25

    2024-жылдын январь-июнь айларында Өзбекстанга 3,5 млн ашык чет элдик турист барган. 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бул көрсөткүч 415,6 миң адамга же 13,3%га өскөн. Бул тууралуу Өзбекстандын "Янги Узбекистон" басылмасы жазды.

    Туристтик агымдын негизги бөлүгүн Кыргызстандын жарандары – 1 миллиондон ашык адам түздү. Андан кийинки орунда Тажикстан менен Казакстан – тиешелүүлүгүнө жараша 1 млн жана 668,4 миң адам.

    2024-жылдын биринчи жарымында Өзбекстанга 364,5 миң орус, 67,2 миң түркмөн жана 51,9 миң түрк жараны барган.

    Кошумчалай кетсек, алдыңкы 10го Кытай (28,7 миң адам), Индия (28,2 миң адам), Түштүк Корея (19,6 миң) жана Италия (17,7 миң) кирген.


    Читать похожее

    • 05.08.2024, 01:11:26
    • 15.07.2024, 01:25:28
    • 27.05.2020, 03:15:21