Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    16.04.2024, 08:20

    Ош облусунун Өзгөн районунда Мырзаке айылында №3 М. Нурбаев атындагы мектеп капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

    Маалыматка ылайык, мектепти оңдоп-түзөөгө 39 млн 275 миң сом жумшалат. Тендерди Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган.

    Оңдоо иштери тараптар келишим түзгөндөн кийин жыл аягына чейин бүткөрүлүшү керек.


    Читать похожее