Akchabarsearch
    Источник фото: Интернеттен алынды

    Опубликовано

    29.03.2022, 08:00

    Бүгүнкү күндө жазгы талаа иштерине орто эсеп менен 40-41 миң тонна дизель майы керектелет. Бул тууралуу бүгүн айыл чарба министринин орун басары Азамат Мукашев билдирди.

    Анын айтымында, керектүү көлөмдүн 72%ы дизель майы менен камсыздалды.

    “Мындан тышкары, мамлекеттик материалдык резервден 5 миң тонна күйүүчү-майлоочу май сатып алууга каражат бөлүнүп, учурда кампада турат. Жеткиликтүүлүк боюнча ажиотаж болбойт”, - деп ишендирди министрдин орун басары.

    Ал кошумчалагандай, аймактарда дизель майынын орточо баасы 1 литрине 62-63 сомдон сатылууда.


    Читать похожее