Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

12.08.2024, 08:10

Быйыл сегиз айда 47 айыл чарба кооперативи жаңы түзүлүп, айыл чарба өндүрүшүнө ишке кирди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда - 9, Жалал-Абад облусунда -7, Ош облусунда - 5, Чүй облусунда - 18, Талас облусунда - 1, Ысык-Көл облусунда - 4, Нарын облусунда - 3 айыл чарба кооперативи иштей баштады.

“2024-жылдын август айына карата жалпы республика боюнча 741 айыл чарба кооперативдери айыл чарба өндүрүшүндө 53 миң 127 га жерди иштетип өз ишмердиктерин жүргүзүшүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Департамент айыл чарбасын кооперациялоо боюнча дыйкандарды окутуу, кеңеш берүү жана маалымат жеткирүү максатында 2021-жылдан тартып Түркия Республикасынын “ТИКА” агенттиги менен бирдикте К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин базасында маалыматтык-окуу борбору уюштурулуп, керектүү жабдуулар менен камсыздалып, жыл сайын окуулар өткөрүлүп жатат.


Читать похожее

  • 14.08.2024, 00:23:48
  • 12.08.2024, 02:10:26
  • 13.05.2024, 05:00:49
  • 24.04.2024, 04:22:11