Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

15.06.2020, 03:25

Казакстандыктар 2020-жылдын акыркы 5 айында 25 миң 494 автоунаа сатып алышкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 2.8% жогору деп баса белгиледи Kapital.kz порталы, «КазАвтоПром» ишканасынын билдирүүсүнө таянуу менен.

[news 25128]

Белгиленгендей, январь айынын ичинде казакстандыктар жаңы автоунаа алуу үчүн 230.8 млрд теңге (577.8 млн доллар) каражат коротушкан. Өткөн жыл менен салыштырып караганда, 0.9% жогору болгон.

2019-жылдын май айында 5 миң 902 автоунаа сатылып алынган. Ал эми 2020-жылдын май айында 7 миң 126 автоунаа сатылып алынып, өткөн жылдан 20.7% көп болгон. Рыноктун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 12% жогору болуп, 61.5 млрд теңгени түзгөн.


Читать похожее

  • 25.07.2024, 00:37:59
  • 23.07.2024, 05:30:53
  • 23.07.2024, 05:02:32
  • 22.07.2024, 22:20:55