Опубликовано
17.07.2020, 08:15Үстүбүздөгү жылдын алты айынын ичинде 23 млрд 654 млн сом өлчөмүндө пенсия таратылды. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасынын орун басары Уланбек Асанов брифингде билдирди.
[news 26185]
Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин пенсия өз убагында толук түрдө төлөнүп берилди.
«2019-жылы республикалык бюджеттен 21 млрд сом түшкөн. Жарандарга 45 млрд сомго пенсия төлөнүп берилген. Ал жылы пенсияны 670 миң адам алчу. Пенсиянын орточо өлчөмү 5 миң 786 сом болгон. Быйыл 6 айдын ичинде 23 млрд 654 млн сомго пенсия төлөнүп берилди. 2020-жылы республикалык бюджеттен 11 млрд сом түшкөн», - дейт ал.
Асанов пенсионерлердин 41 пайызы почта аркылуу, 59 пайызы коммерциялык банктар аркылуу өз пенсияларын алып жатканын айтты.
«Ошондой эле Соцфонддо 5 жылдан бери колл-борбор жана ишенем телефону иштеп жатат. Кандай гана маселе жаралса кайрылсаңыздар болот. Акыркы айда 3 миңге жакын адам кайрылган. Аны менен бирге ведомствонун сайтында электрондук (жеке) кабинет функциясы иштеп жатат. Ал жерден да керектүү маалыматтарды ала аласыздар», - деди Асанов.