2020-жылдын 1-октябрына карата 108 миң 48 балага, бир жолу төлөнүүчү «Балага сүйүнчү» берилген. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Буга республикалык бюджеттен 400 млн сомдон ашык каражат сарпталган. Министрликтин маалыматына ылайык ушул жылы үч эм төрөлгөн 9 үй-бүлө кайрылган. Алардын ар бир баласына 50 миң сомдон төлөнүп берилген.