9 айда ААК «Бишкекжылуулуктармагы» жабдыктарга 86 млн. сомго оңдоп-түзөө иштерин жүргүздү

17.10.2019, 15:15 Акчабар
9 айда ААК  «Бишкекжылуулуктармагы» жабдыктарга 86 млн. сомго оңдоп-түзөө иштерин жүргүздү

2019 – жылдын акыркы 9 айында ААК «Бишкекжылуулук тармагы» жабдыктарга оңдоп-түзөө иштерин 86 млн. сомго жүргүздү. Бул тууралуу 17-октябрда Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында компаниянын башкы директору Эркин Абдыкалыков билдирди.

Анын айтымында, жумуш алдын-ала түзүлгөн иш тартипке ылайык жүргүзүлүп жатат.
«Капиталдык курулуштун ири объектилеринин ичинен, Кулатов көчөсүндөгү объекти толугу менен бүткөрүлгөн, 31-октябрга чейин Ахунбаев көчөсүндөгү жана Улан кичи районундагы курулуш бүткөрүлөт. Кышкыга баары даяр, эч кандай тоскоолдуктар жок», - деп билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө айтылгандай, «Бишкекжылуулукэнерго» тармагындагы жоготууну азайтуу үчүн 3 миң 515 метр тармакка оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү жана бардык мештер даярдалды.

«Бүгүнкү күндө 1,9 миң тонна даярдалды. Ошондо көмүргө коюлган пландын 47% аткарылды», - деп жазылат докладта.

«Түндүкэлектро» боюнча 39 км линияга жана 4 транспорттук подстанцияга оңдоп-түзөө иштери жургүзүлүп, 241 трансформатор жана 90 км жогоркувольттук линиялар алмаштырылган.

Тэги: ААК Бишкекжылуулуктармагы ондоп-түзөө иштери кыш мезгили

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть