«Бир адамдан бир китеп» акциясы: 27 млн сом чогултулуп, ага 108 миң китеп сатып алынды

05.12.2019, 15:05 Акчабар
«Бир адамдан бир китеп» акциясы: 27 млн сом чогултулуп, ага 108 миң китеп сатып алынды

Кыргызстанда аймактагы китепканалардын китептерин жаңылоо үчүн «Бир адамдан бир китеп» акциясы өткөрүлдү. Бул тууралуу маалымат жыйында маданият министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков айтып берди.

Анын айтымында, ал иш-чаранын алкагында 27 млн сом чогулутуп, ал каражатка 108 миң китеп сатып алынды.

«Бул акция аймактарды өнүктүрүү боюнча мыкты долбоор аталууга ат салышса болот. Себеби, анын аркасы менен аймактарда жаңы китепканалар ачылды, китеп окуу жайыла баштады. Айылдагы китепканаларда заманбап авторлордун кыргыз тилиндеги китептери пайда болду», - деген Кадырбеков, Лейлек районунун 50 айылында китепканалар ачылганын белгилеп өттү.

Тэги: Бир адамдан бир китеп акция 27 млн

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть