Бишкектеги «Акун» жана «Бишкек ун комбинат» ишканалары ишин токтотту

02.04.2020, 17:00 Акчабар
Бишкектеги «Акун» жана «Бишкек ун комбинат» ишканалары ишин токтотту

Бишкек шаарындагы эки ун чыгаруучу «Акун» жана «Бишкек ун комбинат» ишканасынын кызматкерлери жумушту токтотууга аргасыз болушту. Бул тууралуу компания өзүнүн Фейсбуктагы официалдуу баракчасы аркылуу билдирди.

«Ишкананын кызматкерлери жолдогу блок посттордон бүгүн дагы өтө албай калышкан. Өткөрмө уруксат кагазын алуу үчүн бардык тийиштүү документтер өтөрүлүп берилсе дагы, ишибизди жүргүзүү үчүн эч кандай уруксат ала элекпиз. Андан сырткары, биз тараптан берилген документтерди жоготуп жиберишиптир. Учурда кампада кебек толуп калгандыктан, ун өндүрүүгө мүмкүн болбой калды», — деп жазылат маалыматта.

Билдирүүдө жазылгандай, блок посттор аркылуу мал-жандыктар үчүн компаниядан кебектерди алып кеткен фермерлер дагы өтө алышкан эмес. Ошол себептен, ун өндүрүүчү жайда кебек толуп, иштөөгө мүмкүн болбой калган.

«Эгерде өкмөт бул маселени чечпесе, анда фермерлер үчүн чон маселелер жаралат. Кийин эттин баасы кымбаттап кетиши мүмкүн. Биз өкмөттү бул маселени жеке көзөмөлүнө алып, ун чыгаруучу компаниянын кызматкерлерине жана фермерлерге өткөрмө уруксат кагаздарын берүүсүн өтүнөбүз», — деп билдирет «Акун» ишканасы.

Тэги: Бишкек

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть