Бишкектин бюджетине январь-апрель айларында 907 млн сом түшпөй калды

07.05.2020, 14:30 Акчабар
Бишкектин бюджетине январь-апрель айларында 907 млн сом түшпөй калды

Бишкектин бюджетине үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында 907 млн сом түшпөй калган. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаев билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарынын ушул жылга карата бекиткен бюджети 10 млрд 232 млн сомду түзөт.

«Шаар боюнча 2020-жылдын январь-апрель айында пландалган 3 млрд 283 млн сомдун ордуна иш жүзүндө 2 млрд 376 млн сом түштү. Тактап айтканда, план 72,4%га аткарылып же 907 млн сом түшпөй калган. Ал эми май айында 450 млн сом киреше түшүүсү күтүлүүдө», - дейт ал.

Бакетаев маалымдагандай, шаарда базар, соода борбор, чач тарач, тойкана жана коомдук тамактануу жайлары убактылуу жабылган.

«Шаардын экономикалык абалы начарлоого дуушар болууда. Оперативдүү эсептик маалыматтарга караганда, Бишкек шаарынын аймактык ички дүң продукциясынын көлөмү 2020-жылдын январь-март айларында 101,8%га өскөн же 45 млрд сомду түзгөн. Өлкөнүн жалпы ИДПнын Бишкек шаарынын аймактык ички дүң продукциясынын салыштырмалуу салмагы 40,4%ды түзөт. Бирок өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргендигине жана экономикалык ишмердүүлүктүн токтогонуна байланыштуу жылдын аягына чейин макроэкономикалык көрсөткүчтөр төмөндөй тургандыгы болжолдонууда. 2020-жылдын жыйынтыгында аймактык ички дүң продукциясынын көлөмү 93,8% деңгээлинде өсүү же 230 млрд 750 млн сомду түзөрү күтүлүүдө», - деп билдирди вице-мэр.

Тэги: Бишкек бюджет январь-апрель

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть