Бишкекке Минсктен 179 кыргызстандык кайтып келди

02.06.2020, 12:00 Акчабар
Бишкекке Минсктен 179 кыргызстандык кайтып келди

«Манас» эл аралык аэропортунда 2-июнда “Avia Traffic Company” авиакомпаниясынын Минск-Бишкек каттамы боюнча чартердик рейсин тосуп алышты, Беларусь Республикасынан 179 КР жараны кайтып келди.


[news 24776]

Авиарейс дүйнөдө коронавирус инфекциясынын пандемиясынан чек аралардын убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам, чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылды.

Каттам буга чейин транзит менен ар кайсы Европа жана Азия өлкөлөрүнөн Минск шаарына келип, унаа билдирүүлөрүнүн токтошунан жана чек аралардын жабылышынан улам Кыргызстанга учуп кете албай калган мекендештерибизди мекенине кайтаруу максатында Беларусь Республикасындагы Кыргызстандын Элчилиги тарабынан Европа өлкөлөрүндөгү КР чет элдик мекемелери менен биргеликте уюштурулду.

Аталган каттам менен Австрия, Армения, Беларусь, Венгрия, Улуу Британия, Германия, Литва, Италия, Испания, Нидерланддар, Польша, Украина, Франция, Чехия, Швеция, Швейцария жана Эстониядагы Кыргызстандын жарандары учуп келди.

Белгилей кетсек, жүргүнчүлөрдүн тизмеси Европадагы Кыргызстандын чет элдик мекемелерине буга чейин келип түшкөн арыздарга ылайык түзүлгөн.

Учурда бардык кайтып келген жарандар бекитилген тартипте обсервацияга алынды.

Чет мамлекеттерде калып, Мекенине кайтууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иш-аракеттер улантылат.

Тэги: Бишкек Минск кыргызстандык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть