Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

17.06.2020, 06:30

Бишкекте санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 1 млн сом айыппул салынды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

[news 25260]

«14-майдан 16-июнга чейин 7 миң 897 ишкерлик объект текшерилип, 1 млн 996 миң сомго бузуулар тууралуу 930 протокол түзүлгөн», - деди ал.

Ал Бишкек шаарында спорттук, майрамдык, мааракелик жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө болбой тургандыгын эскертип өттү. Аны менен бирге вице-мэр 16-июндан тарта борбор калаада батуттарды иштетүүгө, башаламан соода жүргүзүүгө, велосипедди ижарага берүүгө тыюу салынганын айтып өттү.

Ошондой эле Кузнецова жарандарды жана мекеме-ишканаларды санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууга чакырды.


Читать похожее