Бишкекке Екатеринбургдан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

18.08.2020, 09:50 Акчабар
Бишкекке Екатеринбургдан Кыргызстандын жарандары кайтып келди

«Манас» эл аралык аэропортунда 17-августта «Авиатраффик» авиакомпаниясынын чартердик каттамын тосуп алышты. Бул каттам менен мекенине Россиядан 153 КР жараны кайтып келди, анын ичинде жаш балдар да бар.

Бул каттам менен Бишкекке Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Салехард, Жаңы Уренгой, Надым, Курган, Магнитогорск, Пермь жана башка шаарлардан мекенине чукул түрдө кайтууга муктаж болгон жарандар (ар кандай оорулары барлар, улгайган курактагылар, кош бойлуу жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле оор турмуш кырдаалына кептелген жарандар) учуп келди.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларынан жарандардын жана кыргыз диаспора уюмдарынын берген кайрылууларынын кезеги боюнча түзүлгөн. Ошондой эле көрсөтүлгөн категориядагы жарандарда түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалдан улам учпай калган «Авиатраффик» компаниясынын каттамдарына буга чейин сатып алган авиабилеттеринин бар-жогу эске алынган.

Чет мамлекеттерде жүргөн КР жарандарынын Кыргызстанга кайтарып келүү иштери улантылууда.

Тэги: Бишкек Екатеринбург жаран

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть