2018-жылда регионалдык дүң продуктунун көлөмү 569 млрд. ашык сомду түзгөн

07.01.2020, 17:30 Акчабар
2018-жылда регионалдык дүң продуктунун көлөмү 569 млрд. ашык сомду түзгөн

2018-жылы жалпы республика боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 569 млрд. ашык сомду түздү жана 2017-жылга салыштырмалуу 3,8 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирет.

2018-жылы регионалдык дүң продуктунун эң жогорку өсүүсү Чүй облусунда (12,7 пайыз), Баткен облусунда (5,5 пайыз) жана Талас облусунда (4,4 пайыз) жетишилди, ал эми анын төмөндөгөнү Нарын облусунда (3,5 пайызга) байкалган.

Графикте көрүнүп тургандай, 2018-жылы регионалдык дүң продуктунун анын жалпы көлөмүндөгү үлүшүнүн өткөн жылга салыштырмалуу Бишкек.ш., Ош облусунда жана Жалал-Абад облусунда көбөйгөнү белгиленди, ушул эле убакта ал Талас, Ысык-Көл жана Баткен облустарында төмөндөгөн.

А. Ош ш. D. Ысык-Көл облусу G. Талас облусу

В. Баткен облусу E. Нарын облусу H. Чүй облусу

C. Жалал-Абад облусу F. Ош облусу I. Бишкек

2018-жылы жалпы республика боюнча ички дүң продуктунун көлөмү киши башына 94 миңге жакын сомду түздү жана өткөн жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга көбөйдү. Бул көрсөткүч Бишкек ш. (2,3 эсеге же 220,2 миң сом), Ысык-Көл облусунда (1,5 эсеге же 142,1 миң сом), Ош ш. (1,2 эсеге же 115,9 миң сом) республикалык деңгээлден жогору түзүлдү, ал эми Чүй облусунда ал 3,6 пайызга төмөн болду же 90,4 миң сомду түзгөн.

Киши башына регионалдык дүң продукт
(учурдагы бааларда, млн. сом)

Тэги: РДП регион дүң продукты Улуттук статистикалык комитет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть