Жалал-Абадда ишкер айымдар үчүн форум өтөт

21.02.2020, 09:10 Акчабар
Жалал-Абадда ишкер айымдар үчүн форум өтөт

2020-жылдын 1-мартында Жалал-Абад шаарында ири масштабдагы ишкер айымдардын башын бириктирген форум өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Ага Кыргызстандын ар аймактарынан жана бир катар коңшулаш мамлекеттерден да ишкердик тармагында ийгилик жаратып, жигердүү аракеттенип келе жаткан ишкер айымдардын келүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Шералы Касымалиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коомдо өндүрүш тармагын колго алган айымдар арбын. Бирок аларды бир аянтка чогултуп, ишкердигин өнүктүрүүгө багыт берүү менен бирге, анын көлөмүн арттыруу жагын жолго коюу зарылдыгы бар.

«Биздин ассоциацияга мүчө болгон ишкерлердин 45 пайызга жакынын айымдар түзөт. Ал эми бул форум Жалал-Абадда экинчи жолу уюштурулуп жатат. Мында жеңил өнөр жайдын локомотиви болгон текстил тармагын тандап алдык. Себеби Жалал-Абадда бул жаатта эмгектенген ишкер айымдар болгону менен ири көлөмдөгү буйрутмаларды аткарууда аксап келишет. Форумдун алкагында жаралган жагдайларды чечүүнүн айланасындагы маселелер талкууланмакчы. Нигизи эле айым ишкерлер ийкемдүүлүк сапатка ээ. Бул бизнести өнүктүрүүдөгү башкы маселе болуп эсептелет дейт»,- Ш.Касымалиев.

Жалпысынан алганда форумга катышуудагы ишкер айымдардын өндүрүмдөрүнүн ар түрдүүлүгүнө чектөө коюлган эмес. Мында атайын көргөзмө да уюштурулат.

Тэги: Жалал-Абад ишкер айымдар форум

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть