Россия Кыргызстанга 8 млн долларга гуманитардык жардам көрсөттү

25.11.2020, 12:45 Акчабар
Россия Кыргызстанга 8 млн долларга гуманитардык жардам көрсөттү

Россиянын өкмөтү Кыргызстанга 8 млн доллар өлчөмүндө гуманитардык жардам көрсөтөт. Бул каражатка 9 миң тонна азык-түлүк сатылып алынат. Бул тууралуу Россия элчилиги Фейсбук баракчасына маалымдады.

Гуманитардык жардам жакыр үй-бүлөлөргө бөлүнүп берилет.

25-ноябрда ун жана өсүмдүк майлар тапшырылат, андан соң региондорго бөлүнүп берилет. Бул долбоор ООНдун Дүйнөлүк соода программасы менен биргеликте ишке ашырылууда.

Андан сырткары, Россия башка долбоорлорду дагы каржылайт. Анын ичинде республикадагы башталгыч класста окуган окуучулардын ысык тамагын дагы камсыз кылат.

Кошумчалай кетсек, бүгүнкү күндө Кыргызстан боюнча 400 миң окуучу ысык тамак менен камсыз болгон.

Тэги: Россия гуманитардык жардам ысык тамак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть