ТИМ: Бишкекке Москвадан 232 кыргызстандык кайтарылды

18.08.2020, 11:20 Акчабар
ТИМ: Бишкекке Москвадан 232 кыргызстандык кайтарылды

Бүгүн, 18-августа Кыргызстанга «Уральские Авиалинии» авиакомпаниясынын «Москва – Бишкек» багыты боюнча чартердик каттамы менен 232 кыргызстандык учуп келди, алардын арасында жаш балдар да бар. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Борттогу орундуктардын саны чектелүү жана Кыргызстанга келүүнү каалаган жарандардын саны көп болгондуктан бул каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмесин кыргыз диаспорасынын, Элчиликтин кызматкерлеринин, ИММ өкүлчүлүктөрүнүн жана РФ КР өкмөтүнө караштуу ММК өкүлдөрүнөн турган комиссия түзгөн. Комиссиялык тандоо гуманитардык критерийлер боюнча КР жарандарынын жеке арыздарынын негизинде жүргүзүлдү.

Өзгөчө, каттамга Россиянын ЖОЖдорунда окуган студенттер, төрөтү жакындап калган кош бойлуулар жана жаш балдары бар аялдар, ошондой эле Мекенине чукул түрдө кайтышы керек болгон себеби бар жарандар, мисалы: оор илдеттери барлар, жакында эле хирургиялык операция жасаткандар, жакындарынын кайтыш болушу жана башка оор турмуш кырдаалдарына кабылгандар киргизилген.

Чет мамлекеттерде жүргөн жана мекенине кайтып келүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.

Тэги: ТИМ Бишкек Москва кыргызстандык

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть