Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндары көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн

23.07.2020, 11:30 Акчабар
Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндары көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн

Быйылкы жылга белгиленген Олимпиада оюндары 2021-жылы көрүүчүлөрсүз өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти Томас Бах билдиргенин ТАСС агенттиги жазат.

«Биз ар кандай (оюндарды өткөрүүнүн) сценарийлерди даярдап коюшубуз керек. Эч ким оюндар көрүүчүлөрсүз өтүшүн каалабайт. Ошентсе да биз Олимпиаданы коопсуз түрдө өткөрүүгө керектүү чараларды көрүүгө даярбыз», - деген ал.

Шаршемби күнү «Токио-2020'нын» уюштуруу комитетинин башчысы Ёсиро Мори уюштуруучулар оюндарды көрүүчүлөрдүн катышуусусуз өткөрүү маселесин карап чыгышы мүмкүн экенин билдирген. Анын айтымында, башка жол табылбаса оюндар көрүүчүлөрсүз өткөрүлөт.

Эскерте кетсек, Олимпиада оюндары быйыл Токио шаарында 24-июлдан 9-августка чейин өтүшү керек болчу. Бирок коронавируска байланыштуу ал келерки жылга жылдырып, оюндар 23-июлдан 8-августка чейин болуп өтөт. Ошол эле учурда оюндардын «Токио-2020» аталышы өзгөрбөйт.

Тэги: Токио олимпиада көрүүчү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть