Опубликовано
18.05.2020, 08:402019-жылы Ысык-Көлдөгү ички туристтердин саны 83% түзгөн. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун Ыйгарым укуктуу элчиси Акылбек Осмоналиев брифингде билдирди.
[news 22034]
Анын айтымында, кыргызстандыктардан тышкары туристтердин 14% - КМШ өлкөлөрүнүн жарандары, 2% - европа өлкөлөрүнүн жарандары жана 1% - башка өлкөлөрдүн жарандары болгон.
«Бул жылы ички туризмди өнүктүрүүгө басым жасалат. Азыркы учурда оңдоп-түзөө жана даярдоо иштери жүргүзүлуп жатат», — деп билдирди Акылбек Осмоналиев.