Akchabarsearch
Источник фото: Интернеттен алынды

Опубликовано

21.05.2024, 03:10

2024-жылдын январь-март айларында Кыргызстанга Өзбекстандан 559,1 миң адам туристтик максатта келген. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Статистика агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын январь-март айларында туристтик максатта 1,3 миллионго жакын өзбекстандык чет өлкөгө чыккан.

Бул көрсөткүч 2022- жылдын биринчи үч айына салыштырмалуу 365,6 миң адамга же 40,7%га өскөн.

Өзбектер туристтик максатта эң көп барган өлкөлөр:

  • Кыргызстан. — 559,1 миң адам;
  • Тажикстан – 260,8 миң адам;
  • Казакстан – 184 100 адам;
  • Сауд Арабиясы — 70 600 адам;
  • Орусия — 50,3 миң адам.


Читать похожее