Аба ырайына байланыштуу Бишкектеги мектептерде сабактар кыскартылат

16.02.2024, 12:55 Акчабар
Аба ырайына байланыштуу Бишкектеги мектептерде сабактар кыскартылат

Бишкектеги мектептерде сабактар кыскартылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрук өлкө аймагында күтүлүп жаткан суукка байланыштуу чыкты.

Ага ылайык, 19-февралга чейин биринчи нөөмөт эртең мененки саат 9да башталат, ал эми экинчи нөөмөт күндүзгү 4тө бүтүшү керек. Сабактар 30 мүнөткө гана созулат.

Бала бакчалар кадимки тартипте иштей берет.

Синоптиктердин маалыматына караганда, бүгүнтөн тарта өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, Бишкекте дем алыш күндөрү 20 градуска чейин суук болушу күтүлүүдө.

Тэги: мектеп сабак буйрук билим берүү коопсуздук аба ырайы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть