Опубликовано
07.08.2024, 03:401-августка карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында республиканын 9 миң 16 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 559,96 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилди. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Белгиленгендей, “Мал чарбачылык” тармагы боюнча 3 158,46 млн сом суммасында 7 миң 774 субъектке, “Өсүмдүк өстүрүүчүлүк” тармагы боюнча 401,50 млн сом суммасында 1 миң 242 субъектке насыя берилди.
“Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдору катышууда, аларды кредиттөөнүн көлөмү 5,0 млрд сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.