Айт намазда 2,5 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

09.04.2024, 13:35 Акчабар
Айт намазда 2,5 миңден ашык милиционер коопсуздукту камсыздайт

Бишкекте Айт намаз учурунда 2 миң 500дөн ашык милиция кызматкери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Майрамдык намаз 10-апрелде борбор калаадагы мечиттерде окулат. Буга байланыштуу Жумабек көчөсүнүн Абдрахмановдон Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн жабылат.

Милиция көрүлүп жаткан коопсуздук чараларына түшүнүү менен мамиле кылууну жана келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

"Текшерүүнү жүргүзүп жаткан милиция кызматкерлеринин талабына түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз, көрүлгөн чаралар жарандардын коноктордун коопсуздугун камсыздоого гана багытталган", - деп айтылат маалыматта.

Айт намаз окулуучу жерге чоң жана көлөмдүү нерселерди, учтуу, күйүүчү жана жарылуучу материалдарды, ар кандай түрдөгү куралдарды, салют жана фейерверктерди алып кирүүгө тыюу салынат.

Айдоочулар өз каттамдарын алдын ала пландап, унаа агымын үзгүлтүккө учуратпай же чектебей ылайыктуу унаа токтотуучу жайларды тандап алышы керек.

Тэги: Айт намаз коопсуздук ИИМ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть