Акыркы эки күндө Кыргызстанда доллар дээрлик 7 сомго чейин арзандады

08.04.2022, 10:29 Акчабар
Акыркы эки күндө Кыргызстанда доллар дээрлик 7 сомго чейин арзандады

Кыргызстанда АКШ доллары акыркы эки күнгө салыштырмалуу дээрлик 6-7 сомго чейин арзандады. Тактап айтканда, 6-апрелде Кыргызстандын коммерциялык банктарында бир доллар 93-94 сомдон сатып алынып, 94-94,70 сомдон сатылып жаткан. Ал эми бүгүн, 8-апрелге карата банктарда долларды сатып алуу 87 сомдон 87,50 сомго чейин болсо, сатуу 88 сомдон 88,50 сомго чейин болууда.

Евро 93,50-94,50 сомдон сатып алынып, 94,50-95,50 сомдон сатылууда.

Орус рубли 0,95-1 сомдон сатып алынып, 1,15-1,20 сомдон сатылууда.

Ал эми акча алмаштыруучу жайларда доллар 87,99 сомдон, евро 95,70 сомдон, рубль 1,153 сомдон сатылууда.

Улуттук банкта доллардын расмий курсу 90,9556 сомду, евронуку 94,0043 сомду жана рубль 1,0878 сомду түзүүдө.

Белгилей кетсек, кечээ Кыргызстандын коммерциялык банктарында доллар 88-89 сомдон сатылып жаткан.

Тэги: АКШ доллары коммерциялык банктар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть