Алиев: Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагы көтөрүлбөйт

19.12.2023, 10:30 Акчабар
Алиев: Кыргызстанда пенсияга чыгуу курагы көтөрүлбөйт

Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев парламенттин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Кыргызстанда жарандардын пенсияга чыгуу курагын көтөрүү пландалбаганын билдирди.

Ал башка өлкөлөр орточо жашоо узактыгы көбөйгөнүнө байланыштуу пенсияга чыгуу курагын көтөрүп жатканын, бирок Кыргызстандын өкмөтүндө андай пландар жок экенин белгиледи.

“Пенсиялык куракты көтөрүү боюнча эл аралык тажрыйбаны колдонбойбуз. Казакстан, Россия, Европада эркектердин пенсияга чыгуу курагын 65 жашка, аялдардыкын 63кө чейин көтөрүп жатат. Европада аялдар менен эркектердин пенсиялык курагын теңешти. Биз өзгөрүүсүз — 63 жана 58 жаш бойдон калтырып жатабыз. Ошол эле учурда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, акыркы 15 жылда орто жашоо узактыгы 4 жылга көбөйгөн. Кыргызстанда дагы мындай өсүү бар. Маселен 20 жыл мурда бизде 80 жаштан улуу адамдардын саны 2 миңден ашса, азыркы күнү 58 миң киши. Бизде орточо жашоо узактыгы жогорулады. Бул пенсияны узак мөөнөт төлөйбүз дегенди билдирет”, - деди ал.

Тэги: пенсия курагы мөөнөт Соцфонд

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар для iPhone

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов
Закрыть

Акчабар для Android

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Новости и аналитика
  • Карта банкоматов и сберкасс
Закрыть